Нооруз майрамы “Экономика,туризм,тарых”факультетинде да өткөрүлдү.

Токчулуктун,мол түшүмдүн,ырыскынын,жаз майрамы катары белгиленген Нооруз майрамы 2022-жылдын 22-мартында “Экономика,туризм,тарых”факультетинде да өткөрүлдү.Факультеттин Э-21 жана Т-21 тайпаларынын студенттери жакшы тилектерди айтып,жашоонун улуу көчүн,жаркын көчүн улап чакан иш чара уюштурушту.Чакан концертке Илим жана Инновациялык иштер боюнча проректору Ишенбекова Н.,Маданий-массалык иштер боюнча жетекчи Борбодоев К.,факультеттин деканы Эркимбаев М. жана факультеттин окутуучулар жамааты,студенттер катышышты.Иш чарада кыргыз бурчу,кыргыз элинин улуттук тамак-ашы,бий,комуз куулору, слайд-презентация,видеоролик көрсөтүлдү.