Магистратура. Кыргыз тили жана адабияты


 Тарыхы

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин алдында уюшулган. Мезгилдин талабына ылайык коомдук өнүгүүгө жараша ар кандай аттар менен аталып, кайра түзүлүп келди. Бул жылдар аралыгында кафедра миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап бүтүрүп келет. Факультеттин түптөлүшүндө окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык багыттагы иштердин жолго коюлуп калыптанышында жана ийгиликтеринде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын салымы зор.

Азыркы учурда кыргыз тили жана адабияты кафедрасында 14 адам эмгектенет. Илимдин 4 доктору, профессорлор: Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор А. Иманов, филология илимдеринин доктору, профессор Ж. Осмонова, филология илимдеринин доктору, профессор А. Т. Дунканаев, филология илимдеринин доктору, профессор А. Э. Абдыкеримова; филология илимдеринин кандидаттары, доценттер А. Койлубаева, К. Асаналиева, Т. Асирдинова, Д. Н. Исмаилова, Ч. Толубаева, Н. Жумашова, А. Анапияева; ага окутуучу Ж. Түмөнбаева жана окутучулар: Б. Д. Сыдыкова, С. Оторбаевалар эмгектенишет. Кафедранын илимий даражалуулугу 80 % түзөт.

Азыркы учурда кафедра башчылык кызматты филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумашова Назира Асанакадыровна аткарууда. Кафедра мүчөлөрү, филология факультетине тиешелүү «Кыргыз тили жана адабияты» адистиктери боюнча окуган студенттерге кыргыз тил илими жана кыргыз адабияты багытындагы дисциплиналардан лекция окуп, практикалык сабактарды өткөрүшөт жана “550300 Филологиялык билим берүү багыты” боюнча «Кыргыз тили жана адабияты» адистигин даярдоочу бүтүрүүчү кафедралардан болуп саналат.Мындан тышкары ЫМУдагы бардык адистиктерге (орус жана кыргыз группаларында) кыргыз тили, манастаануу боюнча лекциялык, практикалык сабактарды алып барышат.

Кафедранын профессор-окутуучулары «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча күндүзгү бөлүмдө, магистратурада жана Дисттанттык билим берүү борборунда билим алып жаткан студенттерге «Азыркы кыргыз тили», «Стилистика», «Кыргыз тилин окутуунун методикасы», «Түркология», «Кыргыз фольклорунун жана маданиятынын тарыхы», «Акындар чыгармачылыгынын тарыхы», «Азыркы кыргыз адабияты», «Адабият таанууга киришүү», «Адабият теориясы», «Кыргыз балдар адабияты», «Адабиятты окутуунун методикасы», «Батыш элдер адабияты», «Орус адабияты», «19-к. чейинки кыргыз адабияты» жана университеттеги бардык адистиктерге «Кыргыз тили», «Манастаануу» курсунан лекцияларды окуп, практикалык, семинардык сабактарды өткөрүп келишүүдө. Ошондой эле студенттердин курстук жана дипломдук иштерине, магистранттардын магистрдик иштерине илимий жетекчилик кылышат.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттери менен байланышка ээ.


Академиялык курам

 

        

         А.А.Ф

Кайсы ЖОЖду аяктаган жылы, адистиги, квалификациясы

окумуштуулук даражасы жана наамы

Жалпы

стажы

Педагогикалык

 

 

  1.  

 

Койлубаева А.К.

СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. ИВ № 351009

Адист.  Кырг. тили жана адабияты

Квал. Филолог окутуучу

1983-жыл,13-июнь кат. ном.№1056

Филология илимдеринин кандидаты,

доцент

43

43

 

  1.  

 

Карасартова Ж.Б.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети,  УВ-1 №167184 

Адист. География жана биология

Квалиф.: География жана биология мугалими

1994-жыл, 28-июнь,  кат. ном.№152

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

 

31

22

 

  1.  

 

Асирдинова  Т. Ж.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, АВ № 00596

Адистиги: Кырг.тили жана адабияты

Квал: Кыргыз тили жана адаб. Мугалими

1996-ж.20-июнь кат.ном. №72

Филология илимдеринин кандидаты,

доцент

28

18

 

  1.  

 

Дунканаев А.Т.

 

СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. ИВ № 349513

Адист.  Кырг. тили жана адабияты

Квалиф: Филолог окутуучу

1983-жыл, 30-июнь.   кат. ном.№963

Филология илимдеринин доктору, профессор

46

45

 

  1.  

 

Абдыкеримова А.Э.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, АВ № 00605

Адистиги: «Кырг.тили жана адабияты

Квал: Кыргыз тили жана адабияты мугалими

1996-ж.29-июнь   кат.ном.№142

Филология илимдеринин доктору, профессор

 

31

 

25

 

  1.  

 

Толубаева Ч.Д.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ИВ № 00904

Адистиги. Кыргыз тили жана адабияты

Квал. Кырг.тили жана адаб. окутуучусу

1998-жыл, 21-июнь кат.ном.№864

Филология илимдеринин кандидаты,

доцент

28

18

 

Окуу-методикалык иш

Акыркы үч жылда кафедра мүчөлөрү окутуунун жаны технологиялары, билим берүү программасын иштеп чыгуу, билим берүү мекемелерин аккредитациядан өткөрүүнү жүргүзүү боюнча курстарга катышып, 9 сертификатка ээ болушкан.

Кафедра мүчөлөрүнүн окуткан дисциплиналары боюнча окуу-методикалык колдонмолору, окуу китептери, окуу куралдары иштелип чыгып, сaбактарында колдонулат.

Окуу-методикалык колдонмо, окуу-методикалык көрсөтмөлөр:

  • Койлубаева А. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 1-бөлүм. – Каракол, 2014;
  • Койлубаева А.К, Түмөнбаева Ж.А. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 2-бөлүм. – Бишкек, 2015;
  • Дунканаев А.Т., Сатышева Г. ЫМУнун иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлгүлөрү. – Каракол, 2015;
  • Анапияева А. Азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмү боюнча методикалык колдонмо. – Каракол, 2015;
  • Асирдинова Т.,Түргөнбаева А., Курманалиева Ч. Жат жазуулар жыйнагы. – Каракол, 2015;
  • Койлубаева А.К., Түмөнбаева Ж.А. Түркология курсу боюнча окуу-методикалык колдонмо. – Каракол, 2016.
  • Койлубаева А.К., Наматова Э.И. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү. – Каракол, 2016
  • Койлубаева А.К., Оторбаева С.Б. Кеп маданияты. – Каракол, 2016.
  • Койлубаева А.К, Сатыбалдиева М. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 3-бөлүм. – Бишкек, 2018;
  • Койлубаева А.К., Курманалиева Ч.А., Мусаева А. Курстук иш жазган студенттер үчүн усулдук көрсөтмө (педагогикалык коллдеждер үчүн). – Каракол, ЫМУ, 2019.
  • Койлубаева А.К., Курманалиева Ч.А., Мусаева А. Педагогикалык практиканы өткөрүү боюнча окуу-усулдук көрсөтмө (педагогикалык колледждер үчүн) – Каракол, ЫМУ, 2019;
  • Курманалиева Ч.А., Асирдинова Т.Ж., Мусаева А.А. Башталгыч класстарда жазуу иштерин жүргүзүүнүн жолдору (1-4-класс). – Каракол, 2019.
  • Койлубаева А.К, Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 4-бөлүм. – Бишкек, 2019;
  • Койлубаева А.К., Койлубаева А.К. 5-класс үчүн кыргыз тили боюнча окуу-методикалык колдонмо – Бишкек, 2019. (Билим берүү жана илим министрлигин грифи менен басылып чыкты).
  • Асаналиева К.А. Көркөм чыгармаларды интерактивдүү окутуу аттуу методикалык колдонмо. – Каракол, 2016.
  • Толубаева Ч.Д. Мукай Элебаев улуттук адабиятта психологиялык прозанын баштоочусу.- Каракол, 2015.
  • Толубаева Ч.Т. Орус адабияты жана маданиятынан лекциялардын жыйнагы. – Каракол, 2015.

Монографиялар:

  • А.Т.Дунканаев Дидактикалык чыгармалардын тили макал – текст. – Бишкек, 2016
  • Койлубаева А.А., Анапияева А. Кыргыз тилиндеги неологизмдер. – Каракол, 2015; (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан басмадан чыгарылган).
  • Исмаилова Д.Н. Кыргыз тилиндеги антонимдердин грамматикалык табияты. – Б., 2018).
  • Асаналиева К.А. Эрнис Турсуновдун чыгармачылык изденүүсү” Монография. – Каракол, 2015.

Окуу китептери жана окуу куралдары;

  • Койлубаева А.К., Койлубаева А.К. Кыргыз тили. 5-класс үчүн окуу китеби. – Бишкек, 2014., – Бишкек, 2018. – Бишкек, 2019. (Билим берүү жана илим министрлигин грифи менен 3 жолу басылып чыкты).
  • Иманов А. Кыргыз тили. 8-класстар үчүн. –Бишкек, 2016. 12 б.т. (авторлош).
  • Асирдинова Т.Ж., Түргөнбаева А.А. Кыргыз тили. –Бишкек, 2018 (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн 1 окуу куралы).
  • Осмонова Ж. “Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү” (20 б.т. а), “Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү” (15 б.т.), “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү (65 б.т.) (2016, сөздүктү түзүүчөрдүн бири.
  • Исмаилова Д.Н. Антонимдерди иликтөөнүн жана окутуунун урунттуу маселелери (окуу куралы). – Бишкек, 2020. 31,5 басма табак. (авторлош).
  • Бегалиев С.Б. Адабият таанууга киришүү.Окуу куралы.- Каракол, 2016.
  • Бегалиев С.Б.“Манас” эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү. – Каракол, 2018
  • Жумашова Н.А . Манас” эпосундагы салттык сюжеттик өзгөчөлүктөр. Окуу куралы Гриф менен. – Бишкек, 2019.
  • Абдыкеримова А.Э. (С.Мусаев менен авторлош) Жалпы тил илими. 1-бөлүк. Бишкек, 2021

Магистратуранын бүтүрүүчүлөрү

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун багыты: 550300 Филологиялык билим берүү профили «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин магистратурасын бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу боюнча маалыматтар

Бүтүрүүчүлөрдүн

аты-жөнү

Иштеген жерлери

1

Апыкеева Роза

К.Тыныстанов ат. ЫМУнун  колледжинде окутуучу

2

Молдакунова Айдана

К.Тыныстанов ат. ЫМУнун  колледжинде окутуучу

3

Бейшембиева Насият

К.Тыныстанов ат. ЫМУда  окутуучу, лаборант

4

Кыдыралиева Жанайым

Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында мугалим

5

Акылбек уулу Бекбол

Тоң районундагы Жер-Yй орто мектебинде мугалим

6

Калыгулова Жамилия

Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык орто мектебинде мугалим

7

Самакова Алмаш

Каракол шаарындагы №5 жалпы орто мектебинин директору

8

Жекшенбекова Жаркынай

Ак-Суу районундагы М.Мамакеев орто мектебинде мугалим

9

Элдияр кызы Айсулуу

Ак-Суу районундагы Сары-Камыш Ж.Субанбеков атындагы орто мектебинде мугалим

10

Омүрова Жылдыз

Воено-Антоновкадагы мектеп-гимназияда мугалим

11

Орозова Сүйүн

Жети-Ѳгүз районундагы Ак-Дөбө орто мектебинде мугалим

12

Абдрахманова акылай

Ак-Суу районундагы Шахта Жыргалаң мектебинде мугалим

13

Исаева Наргиза

Жети-Ѳгүз районундагы Саруу айылындагы Ж.Чабалдаев атындагы орто мектепте мугалим

14

Ибрагим Түркхан

«Сапат» Кыргыз-түрк лицейинде мугалим

15

Орозалиев Элчибек

Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев орто мектепте мугалим

16

Алмамбет кызы Нуриза

Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында мугалим

17

Мединова Щмүт

 Ак-Суу районундагы Орлиное орто мектеби

18

Сатыбалдиева Махабат

Бишкек шаары № 20 мектеп-гимназия

19

Каныбек к. Жыпаркүл

Кызыл-Суу айылындагы мектеп гимназия

20

Кыргызбаева Мээрим

Каракол шаарындагы № 3 гимназия-мектебинде мугалим