ЫМУда Европа Биримдигинин DigiKonush “Санариптештирүү аркылуу элеттик коомчулуктар үчүн ачык-айкын келечек куруу” аттуу долбоорунун алкагында санариптик борбор ачылды.

2022-жылдын 30-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин базасында Ысык-Көл облусунун пилоттук райондорундагы студенттер, окутуучулар, элеттик аялдар жана жаштар үчүн санариптик көндүм борборунун расмий ачылышы болду. Шаардыктарга салыштырмалуу элеттик жаштар менен аялдар ар кандай факторлордун, мисалы, инфраструктуранын начардыгынан, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктүн жоктугунан, билим алуу жана ишке орношуу перспективаларынын жоктугунан улам көйгөйлөр жаралууда. Европа Биримдигинин DigiKonush “Санариптештирүү аркылуу элеттик коомчулуктар үчүн ачык-айкын келечек куруу” аттуу долбоору элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүүгө багытталган. «Санариптик көндүмдөр санариптик экономикага жана коомго катышууну каалаган ар бир жаран үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Анын үстүнө санариптик трансформациядан артта калуу социалдык изоляциянын жаңы формасы болуп калды. Элеттик топтордун санариптик ишкердикке жана окууга катышуусун камсыздоо абдан маанилүү» – деп баса белгиледи DigiKonush долбоорунун координатору Банур Абдиева. Санариптик көндүмдөрдүн борборлору Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы айыл округдарындагы жаштарды жана аялдарды санариптик сабаттуулукту жана өнүгүүнү жогорулатуу, жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик иштерге инклюзивдүүлүктү жайылтуу, санариптик ишкердикти жана окууну күчөтүү аркылуу колдоо көрсөтүүнү көздөйт.Санарип көндүмдөр борборлору элеттик жаштарды жана аялдарды санариптик көндүмдөргө окутуу, электрондук онлайн-курстарды, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, санариптик коопсуздук жана кибергигиена боюнча маалымдоо жана кеңеш берүү платформалары болуп саналышат. Борборлордун ишине жарандык коомдук уюмдарынын, IT-коомчулугунун өкүлдөрү, Эстониялык эксперттер тартылышат.Санарип көндүмдөр кербени Баткен, Ош, Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин базасында элет жерлериндеги студенттер менен элеттик коомчулуктар үчүн санарип көндүмдөр борборлорунун (СКБ) 2022-жылдын март айынын ичинде ачылышынын логикалык бөлүгү болуп калмакчы.Санарип көндүмдөр кербенинин максаты – элеттик аялдар менен жаштарга колдонуудагы тажрыйбалар тууралуу маалыматтарды берүү, алардын пикирин калыптандыруу жана өздүк санариптик демилгелер менен стартаптарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга шыктандыруу болуп саналат.БатМУнун базасындагы борбор Европа Биримдигинин «Демократия жана адам укуктары» Программасынын колдоосунда Enactus Кыргызстан менен ишке ашырылып жаткан «Жаш ишкер» Долбоору тарабынан дагы колдоого алынды. Бул долбоор чыгармачылык стартаптарды жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу жаштардын жана аялдардын ишкердик көндүмдөрүн илгерилетүүгө жана ишке орноштурууга багытталган.Санарип көндүмдөр борборлору үч шаарда жана Кыргызстандын үч мамлекеттик университеттеринде Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынын пилоттук коомчулуктарындагы студенттердин, окутуучулардын, элеттик аялдар менен жаштардын санариптик технологияларды колдонууну илгерилетүү үчүн түзүлгөн.