ЫМУнун Колледжинде «Эл деген эрлер өлбөйт» деген темада ачык куратордук тарбиялык сааты болуп өттү.

ЫМУнун Колледжинин КП-13, КП-11 тайпаларында куратор Айзада Түргөнбаева жана практикант, ИА-31 тайпасынын студенти Алия Султангазиевалар тарабынан 7-апрель Элдик революция күнүнө карата «Эл деген эрлер өлбөйт» деген темада ачык куратордук тарбиялык сааты болуп өттү. Тарбиялык саатта баатырлардын кылган эрдиктерин эскерүү менен студенттерге Элдик революциянын чыгуу себептери, жүрүшү, кандуу окуянын элге тийгизген терс таасири тууралуу фото баяндар, слайддар, видеолор, монологдор аркылуу кенен түшүнүктөр берилди. Студенттер арасында Ата бейиттин тарыхы өтө кызыктуу болуп, практикант тарабынан жеткиликтүү маалымат ала алышты. Ошондой эле, адамдарга болгон – «Мындан ары энелерди кан-какшатып жүзүн жашка жуудурбайлы, ынтымакта жашайлы, байлыкты, бийликти эч ким кошо көрүнө ала кетпейт» деген кайрылуу, энелердин ыйы, арман-муңу Жер Эне менен Жаңы замандын энесинин монологунда баяндалып берилди. Биз бардыгыбыз бирге Апрель курмандыктарынын баатырдык иштерин унутпайбыз! 87 баатырдын элеси түбөлүк эсибизде калат.