ЫМУда “Бир адам-бир көчөт” аттуу көчөт отургузуу саамалыгы болуп өттү.

Бир адам-бир көчөт.

К. Тыныстанов атындагы ЫМУда “Бир адам-бир көчөт” аттуу көчөт отургузуу саамалыгы болуп өттү. Жалпысынан көчөт отургузуу үчүн атайын жерлер даярдалып, университетти курчап турган аймактары өзгөчө кооздолуп, жаңы нукка бурулуп, оңдолуп-түзөлдү.

Аталган иш-чарага окутуучулар жамааты жана чарбалык-тейлөө кызматкерлери жигердүү катышышты. Бак отургузуу сооптуу иш. Бир гана адам баласы үчүн эмес, ошол эле учурда курт-кумурска, жан-жаныбарларга да пайдалуу.  Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору  профессор доктор Бактыбек  Атыгаев: «Ар бирибиз үчүн бул күн өтө маанилүү, анткени баарыбыз университетибиздин жашылдануусуна өз салымыбызды кошуп жатабыз»-деди.

Бак отургузууга ар дайым өзгөчө маани берсек, анткени жашылдандыруу абанын тазарышына өбөлгө түзүп,айланага көрк да берет.