Университет Периси-2022.

2022-жылдын 12-апрелинде Толкун маданий-эстетикалык борборунда Университет Периси-2022 сынагы өттү. Сынакта 4 тапшырма аткарылды: тааныштыруу, интеллектуалдык суроолор, авангарддык костюм жана ыр, бий, кол өнөрчүлүк. Жыйынтыгында Гран-приге филология факультетинин ИА-31 тайпасынын студенти Канатбекова Акылай татыктуу болду.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда “Сулуулук жаздын көркү, жаштык кез жүрөк өртү” – деген аталыштагы “Университет периси – 2022” сулуулар конкурсу болуп өттү. Кароо сынакка 4 шарт коюлган, өзүн тааныштыруу, суроо – жооп викторинасы, авангарддык мода жана үй тапшырмасы.

         Иш чаранын максаты – студенттердин бош убактысын туура пайдаланууну уюштуруу, ошондой эле улуттук маданиятка, тилге жана тарыхка болон кызыгуусун арттыруу. Кароо – сынактын сонунда калыстар тобунун баа берүүсү менен “Университет периси – 2022” баш байгесине филология факультетинин 3-курсунун студенти Канатбекова Акылай ээ болду.

         I орунду ошондой эле “Мырза Айым” наамы менен физика – математика жана табигый – техникалык факультетинин 1-курсунун студенти Буйлашова Айжан сыйланды.

         Ал эми  I I орун  жана “Ажарлуу бийкеч” наамы педагогика факультетинин 2-курсунун студенти Дюшеева Нуризага ыйгарылды.

         Конкурсанттар окуу жайдын диплому, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле Каракол шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Керимкулов Азамат Керимкулович  баардык катышуучуларга акчалай сыйлык тапшырды.