ЫМУда белгилүү этно-дизайнер Назира Бегим менен жолугушуу болду.

8-апрель күнү К. Тыныстанов атындагы Ысык Көл мамлекеттин Университетинде “Дүйнөлүк көчмөндөр Модасы” фестивалынын негиздөөчүсү, Кыргызстандагы “Мода индустриясы” компаниясынын жетекчиси белгилүү этно-дизайнер Назира Бегим  менен жолугушуу болду.

Жолугушууга ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич жана педагогика факультетинин “Көркөм-сүрөт” адистигинин окутуучулар жааматы жана студенттер катышышты. Перспективада адистин кандай болушу керек экендиги жөнүндө кенири сөз болду. Ошондой эле студенттер кызыктырган суроолорун берип өздөрүнө канааттандырарлык жоопторун ала алышты. Көркөм-сүрөт жана дизайн кафедрасы Назира Бегим менен мындан аркы чыгармачылык кызматташуу боюнча иш-пландарын белгилешти.

Назира айымга кафедранын жамааты жана студенттер терен ыраазычылык билдиришет.