Көчөт отургузуу иш чарасы.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстан боюнча “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүк жүрүп жатат. Бул иш-чара тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында өткөрүп жатат. Көчөттөрдү отургузууга К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекетиик универсиетинин жамааты жана студенттери катышышты. Жалпысынан 100дөн ашык бакты Каракол шаарынын Ленин көчөсүнө отургузушту. Иш чарага университеттин ректору А. А. Иманбаев да катышып окутуучуларды студенттерди тигилген бактардын өнүп кетишине бекитилген аймактарын тыгыз көзөмөлгө алуусун тапшырды.