Кыз-жигиттин “Сармерден” оюн-зоок кечеси

Бүгүн К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда Колледждин КП-01, КЭС-01 тайпаларынын ортосунда кыз-жигиттин “Сармерден” оюн-зоок кечеси жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чарада кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын даңазалашып, манас айтуу, жаңылмач, макал-лакап айтышуу, комузда кыл ойнотуп, ыр ырдашып, бий бийлешип көрөрмандардын купулуна толгудай оюн өткөрүштү. Кеченин соңунда жеңүүчү тараптар диплом, грамоталар менен сыйланышты. Окуу жайыбыздын ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич катышуучуларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, Сармерденге катышкан 24 студентке, даярдаган окутуучу Ж.Мейлиевага Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборуна эс алып келүүсүнө жолдомо ыйгарды.