Америкалык борборго 1-курстун студенттери экскурсияга барышты.

11.04.22-15.04.22 аралыгында ЫМУнун колледжинин жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар бөлүмүнүн чет тили мугалимдери: А.С.Токтосунова , З.З.Турдукеева , А.Т.Чыныбаева, М.К.Керимбекова,Б.О .Данакеевалар тарабынан “Amercan Corner” б.а Америкалык борборго 1-курстун студенттери экскурсияга барышты.Бул борбор 2007-жылы АКШнын элчилиги менен биргеликте уюшулган. Аталган борбордун координатору Людмила Ивановна жылуу тозуп алып, жагымдуу маанайда “American Corner” тууралуу кенен,кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Студенттерибиз баардык тармактар боюнча адабияттар, бекер курстар, ар түрдүү проекттер менен таанышып, экскурсиябыз кызыктуу презентациялар менен коштолду . Мындан ары колледждин студенттери Америкалык борбордун жетекчилиги менен тыгыз байланышта болуп, келечекте чогуу иш алып баруу макулдашылды.