ЫМУнун окутуучусу Кызыл-Кыя шаарында тажрайба алмашып келди.

2022-жылдын 11-15- апрелинде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к Кыял Айбашевна Асаналиева Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк менен Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын гуманитардык факультетине тажрыйба алмашуу максатында жана ошондой эле конок- лектор катары студенттерге дарс окуп келди.Кыял Айбашевна Асаналиева :”Кут конгон касиеттүү Кызыл-Кыя шаары элинин меймандостугу менен, жаштарынын жалындуу жигердүүлүк менен ар бир ишке жоопкерчилик менен караганы жакты! Өсө бер, Кызыл-Кыя шаары! Бар бол менин ыйык жерим, даанышман элим!”