Кыргыз тил жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү.

2022-жылдын 18-апрелинде филология факультеттинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган 18-апрелден 22-апрелге чейин өткөрүлө турган Кыргыз тил жумалыгы жарыяланып, ачылыш аземи болду. Бул жумалыктын ачылышын ЫМУнун ректору А.А. Иманбаев ачып берип жатып, ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мурастап берип кеткен тилибизди байытуу биздин милдет экенин айтып, мындан аркы жумалыкта өткөрүлүүчү иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөт деген ишеничин билдирди. Кылымдардан кылымга көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы – ошол элдин акыл эсинен, эмгегинен, турмуштук тажрыйбаларынан улам жаралган. Кыргыздарда “Эне тили болбой, эл болбойт” деген макал бар. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири болуп эсептелет. Кыргыздардын тарыхындагы улуу “Манас” эпосу, каада салттары бүгүнкү күнгө чейин унутулбай, сакталып, муундан муунга айтылып келе жатат. Биздин жаштар мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билиши керек, себеби, өлкөнүн өнүгүшү, маданияты, тарыхы, салты өсүп келе жаткан муунга тиешелүү жана ушунун баарынын мындан кийинки келечеги жаштардын колунда, биз аны унутпашыбыз керек.