«Педагогика жана психология жумалыгы» башталды.

18-апрелде «Педагогика жана психология жумалыгы» башталды. Жумалыктын биринчи күнүндө студенттер арасында «Психология менин көз карашымда» деген темада сүрөт сынагы башталды (Студенттер тарткан сүрөттөрдү Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин 1-корпусунун фойесинде көрө аласыздар). Ошондой эле студенттерге Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин профессору Байназарова Турсунай Бейсенбековна «Арт педагогика – как педагогическая наука» деген темада жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин доценти Джапарова Замира Бердибековнанын “Инклюзивдик маданият – педагогикалык компетенттүүлүктүн маданияты” деген темада конок лекцияларына студенттер катышышты.Кызыктуу жана пайдалуу маалыматтары үчүн лекторлорго ыраазычылык билдиребиз.