С. Максутованын “Асар” китебинин бет ачары болуп өттү.

2022-жылдын 21-апрелинде Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп жаткан Кыргыз тили жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарасына облустагы акын -жазуучулар, бирикменин мүчөлөрү, ММК өкүлдөрү, университеттин филология факультетинин студенттери катышты.ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич облустун чыгармачыл инсандары жана Бишкектен сапар карытып келишкен акын-жазуучу, филология илимдеринин кандидаты Сымбат Максутовага жана башка чыгармачыл инсандарга терең ыраазычылыгын билдирип, акын-жазуучу жана журналист Сымбат Максутованын “Асар” жанабашка адабий публицистикалык китептеринен маалымат берип, “Асар” аттуу прозалык жана поэтикалык китебинин бет ачарын окутуучулар менен уюштурганына токтолду. Сымбат Максутованын чыгармачылыгы коомчулукта жылуу кабыл алынып, студенттер арасында кызыгууну жараткандыгын жана анын чыгармалары жаштарга атуулдук мекенчилдик сезимдерин курчутууга, таасир алууларына комокчу болорун да белгиледи.Студенттер С.Максутованын ырларынан жана ангемелеринен көркөм окушту.Суроолорун беришип, чыгармачылыктын, журналистиканын татаал, ары коп кырдуу милдеттеринен кенири малыматтарды алышты.Жергиликтуу акындар, КР Маданиятына эмгек синирген ишмер, Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү Мээркан Токсобаева, акындар Ибрагим Турк, Каныбек Сопуев, Манат Бообекова, Кубанычбек Тентиев ырларын окушту.Сымбат Максутовага ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев белектерди тапшырды. Ошону менен эле бир катар акындарга ЫМУнун администрацисынын Ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.