Нарын шаарынан окутуучулар курамы ЫМУнун колледжине иш сапарга келишти.

2022-жылдын 21-апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен жана Нарын шаарынын колледждеринен Ашыров Эркинбек Тынымсеитович сапат жана аккредитация бөлүмдүн башчысы, Жумабаев Максат Эсенгизиевич АТЭКтин Өндүрүштүк практикасынын жетекчиси,Токтоналиев Бексултан техникалык циклдын жетекчиси, Супатаева Гулзат Табалдиевна университетиин окутуучусу э.и.к, Айдарова Бурул Акайбековна АТЭКтин окуу иштер боюнча директордун орун басары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжине иш сапарга келишти. Иш сапар учурунда университеттин корпустарына экскурсия уюштурулуп,тажрыйба алмашуу жана кызматташуу пландарын талкуланды.