“Жаштардын социалдык проблемалары жана алардын чечилишинин жолдору”.

2022-жылдын 21-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Экономика, туризм, тарых” факультетинин “Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык” кафедрасынын доценти Керимкулов Жеңиш Курмангалиевичтин демилгеси менен “Жаштардын социалдык проблемалары жана алардын чечилишинин жолдору” аттуу студенттик тегерек стол уюштурулду. Университеттин студенттери учурда актуалдуу болуп жаткан: маданият, үй-бүлө, билим, дин, миграциялык процесстер, чек ара, кыз-ала качуу ж.б. көйгөйлөр боюнча баяндама жасап, аларды чечүү жолдорун белгилеп өтүштү.