“Өнөр алды – кызыл тил”.

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз тили жумалыгы аяктап, мында 1-курстун студенттери ортосундагы “Өнөр алды – кызыл тил” аттуу сармерден оюну болду. Элибиз илгертен кеп-сөздү баалап, барктап келген. Мына ушундай көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигит оюну окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болду. «Сармерден оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, ал абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден бир салттуу оюндардын бири.Кыз-жигиттердин оюну эзелки салтты жандандырып, жалындаган таланттар ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бий бийлеп, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жаңылмач айтып, табышмактын жандырмагын чечип көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты. Соңунда филология факультетин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кадыркулова Үпөл Керимбаевна сөз сүйлөп, Кыргыз тили жумалыгына активдүү катышкан студенттерге жана даярдаган Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучуларына терең ыраазычылык билдируу менен Кыргыз тили жумалыгы аяктап жатканын айтып, бул факультетте өткөрүлүп жаткан жумалыктардын жыйынтыгы 2022-жылдын 30-апрелинде жыйынтыкталып, жыйынтыгы чыгарын айтты.