Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгына карата факультеттер аралык кароо-сынак болуп өттү.

2022-жылдын 27-апрелинде К.Тыныстанов ат. ЫМУнун окутуучуларынын ортосунда Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгына карата факультеттер аралык кароо-сынак болуп өттү. Сынактын тапшырмалары согуш темасындагы видеоролик, патриоттук мазмундагы ырлар, бийлер жана театралдаштырылган чакан сценкалар болду. Кароо сынактын байге фонду 90 000 сомду түздү, андан тышкары ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ар бир факультетке өз эсебинен 2000 сомдон тапшырды. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен “Баш байге” 25 000 миң сом акчалай сыйлыка ЫМУнун колледжи; 1-орун 20 000миң сом акчалай сыйлыка Педагогика факультети, 2-орун 15 000 миң сом акчалай сыйлыка экономика, туризм жана тарых факультети, 3-орунду 10 000 миң сом акчалай сыйлыка филология жана физика-математика жана табийгый-техникалык факультеттер ээ болду.