Ачык эшик күнү.

Бүгүн 27-апрель 2022-жылы К. Тыныстанов атындагы ЫМУда Каракол шаарынын жана облустун райондорунун бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Ачык эшик күнү” болуп өттү. Иш-чарада декандардын куттуктоо сөздөрү, студенттик союздун даярдаган концерттик номерлер менен коштолду. Андан кийин окуучулар үчүн тандаган кесиби боюнча материалдык-техникалык база менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулду.