“Баатырларга түбөлүк таазим”.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Экономика,туризм,тарых факультетинин, Экономика,каржы жана салык салуу кафедрасынын кураторлору Э.Кыдыкбаева жана З.Даутовалар жана факультеттин студенттери тарабынан 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата “Баатырларга түбөлүк таазим” аттуу чакан концерт болуп өттү. Концерт мыкты деңгээлде даярдалып, согуш учурундагы кыйын жашоону студенттер аткарып, ыр бийлер менен коштолду.