“Диний экстремизм жана терроризм”.

ИИМдин 10-бөлүмү жана дин кызматкерлери тарабынан К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттерине “Диний экстремизм жана терроризм” темасында лекция өтүлдү. Лекциянын башында экстримиз жана терроризм боюнча жалпы маалымат беруучу видеоролик корсотулду. Лекцияда Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп аталган уюмдар, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди. Лекциянын аягында суроо-жооп уюштурулуп, студенттер суроолоруна толук кандуу жоопторду алышты.