Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик бөлүштүрүү иш чарасы болуп өттү.

2022-жылдын 12-майында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-2022-окуу жылында педагогикалык кесипке ээ боло турган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик бөлүштүрүү иш чарасы болуп өттү. Бул иш-чарага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдош Шамуканбетович, университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору Ишенбекова Нургуль Турсунгазиевна, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Сатыбалдиева Чолпон Болотбековна, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылдаев Сейитбек Нуртаевич, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ишенбекова Айзада Мухтарбековна, ЫМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Э.Аманакунова, университеттин факультеттеринин декандары: физика-математикалык жана табигый-техникалык факультеттин деканы Такырбашев Амангелди Бексултанович, филология факультетинин деканы Кадыркулова Упел Керимбаевна, педагогикалык факультеттин деканы Анапияева Асел Абдысатаровна, окуу жайдын жаштар саясаты боюнча адиси Борбодоев Кубатбек Сактанбекович, педагогикалык багыттагы бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө облусубуздун мектептериндеги К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин акыркы курстагы студенттери үчүн бош иш орундары тууралуу кенен маалыматтар берилип жана дагы студенттерге мотивация катары, өз маалында ЫМУну бүтүрүп азыркы учурда эмгеги менен элге таанымал болгон жаштар тууралуу атайын презентация тартууланды.Бүтүрүүчүлөргө арналган иш чара кызыктуу сунуш пикирлер, пикир алмашуулар, ишке орношуудагы көйгөйлөр, иш берүүчүлөр менен иш издөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер, талаптар жана башка суроо-жооптор менен коштолду. Шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жаңы бүтүрүүчүлөргө ишке кандай мамиле кылуу керек экендигин, кантип эффективдүү иш алып баруу керек экендиги тууралуу, иштеги өздөрү басып өткөн жолу тууларуу айтып беришти. ЫМУнун факультеттеринин декандары дагы бүтүрүүчүлөргө өз кенештерин берип, университетибизди тандап, терең билим алып, жакшы кесиптин ээси болуп, ата эненин ак сүтүн актаган, Эгемендүү Кыргызстаныбызды даңктаган мыкты инсандардан болушун ж.б. каалоо тилектерин айтышты. Жакшы ниет, тынымсыз аракет, зор ишеним, татыктуу тарбия билим алуу менен бирге, буйруса баардык ийгиликтерди багындырсак болот! Иш чаранын максаты кадрдык тартыштыкты убактылуу толуктоо, штаттык кызматкерлерге оорчулукту азайтуу, жаш адистерге тажрыйба менен бөлүшүү, карьердик келечекти өркүндөтүү аркылуу жаш адистерге дем берүү ниетинде министрлик, облустук шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөр менен биргеликте бүтүрүүчүлөр, иш издөөчүлөр үчүн бул ишти ишке ашыруудабыз. Бөлүштүрүүгө катышып берген, биз менен жылуу мамиледе иштешип жаткан баардык жетекчилерге, насаатчыларыбызга, кураторлорго терен ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда!