Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигиндеги студенттерге Эстониялык эксперттин катышуусу менен атайын вебинар уштурулду.

17-майда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун #DigiKonush Санарип көндүмдөр борборунда Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын ГМУ-11, И-11, И-21 тайпаларынын студенттери, окутуучулары жана Педагогика-психологиялык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте “Цифровые инструменты в реформах управления, в том числе на уровне местного самоуправления на примере опыта Эстонии” аттуу вебинарына катышышты. Эксперт Лаури Табур реформа жүргүзүүдө Эстонияда кандай иштер аткарылгандыгын айтып берди. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигиндеги студенттерге вебинардагы маалыматтар абдан кызыгуу жаратты.