ЫМУнун окутуучусу ОшМПУга эл аралык илимий практикалык конференцияга катышып келди.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика жана электркамсыздоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Элнура Замирбековна Садыкова ОшМПУнун профессору Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата “Санариптештирүү мезгилиндеги билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялар” аттуу эл аралык илимий практикалык конференцияга катышып, эң мыкты илимий баяндама үчүн 1-даражадагы дипломго ээ болду.Ошондой эле Ош шаарына болгон иш сапары учурунда ОшМУнун 4-курстарынын студенттерине “Заттардын электрондук теориясы” аттуу конок лекция өттү.