ЫМУнун окутуучулары жана студенттери Х.Карасаев атындагы музейде болуп кайтышты.

2022-жылдын 19-майында Филология факультетитинин «Кыргыз тили жана адабияты», «Орус тили жана адабияты» адистигинин окутуучулары жана студенттери 2021-2022-окуу жылында белгиленип жаткан тилчи-окумуштуу Х.Карасаевдин 120 жылдыгына, жазуучу Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына, арналган иш-чаралардын алкагында Х.Карасаев атындагы музейде болуп кайтышты. Иш чара Х.Карасаевдин бейитине куран окуп, зыярат кылуу менен башталды. Студенттер кыргыз элинин сыймыктуу инсандары болгон Хусеин Карасаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылык жолу, илимий ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды жасашып, эмгектерин өзгөчө баса белгилеп, токтолушту. Түгөлбай Сыдыкбековдун өзүнүн ырларынан, алардан тышкары студенттер өздөрү да арнап жазган ырларын окушту. Окутуучулардан Т.Сыдыкбековдун урпактарынан болгон Б.Сыдыкова жазуучунун жөнөкөйлүгүн, айылдаштарына болгон мамиле, алака-катыштары, айткан нускалуу сөздөрү жөнүндө айтып берди, Ж.Түмөнбаева Х.Карасевдин кыргыз тил илиминдеги, лексикографиядагы, кыргыз тилинин тарыхын изилдөөдөгү салымына, Т. Сыдыкбековдун байыркы түрк эстеликтерин, байыркы кыргыз тилин изилдөөдөгү кылган эмгектерине өзгөчө токтолуп өттү жана факультеттин атынан музейдин кызматкерлерин “18-май – Эл аралык музей күнү” менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Андан кийин музейдин жетекчиси Мамытова Элмира Асеиновна студенттерге музейдин тарыхын, Х.Карасаевдин эмгектери жана сыйлыктары коюлган залдагы ар бир эмгек, ар бир сыйлык, буюм, ар бир сүрөттүн тарыхы боюнча кеңири маалымат берди. Окумуштуунун иш бөлмөсү, андагы өзү урунган буюмдар тууралуу кызыктуу кеп кылды. Студенттер да музей экспонаттарын өз көздөрү менен көрүп, жакындан таанышуу кызык болуп, иш чара өзгөчө пайдалуу, таасирлүү болгондугун белгилешти.