«Аалымдар дүйнөсүнө саякат».

ЫМУнун Колледжинин КП-13, КП-11 тайпаларында куратор Айзада Түргөнбаева жана окутуучу Т. К. Эшиева менен бирдикте 18-май Бүткүл дүйнөлүк музей күнүнө карата Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы музейде «Аалымдар дүйнөсүнө саякат» деген темада ачык тарбиялык, экскурсия сабагын өткөрүп келишти. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер окумуштуу К. Карасаевдин өмүр баянын, басып өткөн жолун, урпактарга калтырган мурасын кеӊири билүү менен жалпы музей тарыхы тууралуу маалымат ала алышты. Ошону менен катар студенттер музейдин аймагында ачылган атайын эс алуу, маданий аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышып, аянтчанын жаштар үчүн курулган маани, максаты туурасында кеӊири түшүнүк алышты.