ЫМУда программалоо боюнча өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды.

18.05.2022 жылы К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математикалык жана табыйгый техникалык факультетинде программалоо боюнча студенттер арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул олимпиаданын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи 25-майда Толкун эстетикалык борборунда “IT World” аталышындагы атайын кечеде уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө ырлар, бийлер жана интерактивдүү негиздеги оюн-зооктор өткөрүлүп, студенттер үчүн кызыктуу болду. Олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө атайын сыйлыктарга факультеттин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрү демөөрчү болушкан.I-орунга Lenovo-Taв-планшети II-орунга Smart-кол саатыIII-орунга буфер тапшырылдыСтуденттерге мотивация катары факультеттин бүтүрүүчүсү, азыркы мезгилде АКШнын Texac штатында IT адиси болуп иштеп жаткан Ишенбаев Мураттын интервьюсу көрсөтүлдү.