ЫМУда “ПРОГРАМИСТ REACT JS” курсу башталды.

2022-жылдын 30-майынан К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында ачылган #DigiKonush Санарип Көндүмдөр Борборунда “ПРОГРАМИСТ REACT JS” курсу башталды. Курс жумасына 2 жолу 6 ай болот.Курска DigiKonush долбоорунун алкагында Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынан тандалып алынган пилоттук коомчулуктун өкүлдөрү жана ОшМУ, ЫМУ, БатМУнун студенттери катышат.
Курстун окутуучусу – IT адис, “Jyldyz Academy” программалоо багытындагы курстарынын окутуучусу Мирлан Уржанов