ЫМУнун студенттери “Дебат клубу” долбоору боюнча даярдоо курсун жыйынтыкташты.

2022-жылдын 26-мартынан 27-майына чейин Каракол шаарынын “Америка бурчунда” “Дебат клубу” долбоору боюнча даярдоо курсу жыйынтыкталды. Курста студенттерге Америкалык жана Британиялык форматтагы дебатты уюштуруп, өткөрүүнү, чечендик чеберчилик, аргументацияларды бере билүү үйрөтүлдү. Курсту ЫМУнун окутуучулары соц. ил. канд. доцент Боконтаева Д.К. жана Сооронбаева Ч.К. окутушту. Курс аягында студенттерге сертификаттар, активдүү катышкандарга белектер ыйгарылды.