ЫМУда лицензиялык экспертиза жүргүзүү боюнча эксперттик комиссия өз ишин ийгиликтүү аяктады.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жогорку кесиптик билим берүү программаларынын (магистр, бакалавр) окуган студенттердин жана магистранттардын чектелген санын көбөйтүү боюнча лицензиялык экспертиза жүргүзүү боюнча эксперттик комиссия өз ишин ийгиликтүү аяктады. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы да лицензиялык комиссиядан ийгиликтүү өтүшүп, келе жаткан жаңы окуу жылына жигердүү камданышууда. Эксперттик комиссиянын мучолоруно, жана анын ичинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин доценти, педагогика илиминин кандидаты Адылбек кызы Гулназга чоң ыраазычылык билдиребиз.