Филология факультетинин студенти ОШМУга академиялык мобилдүүлүк менен барып келди.

“Оштогу менин 5 айым”. Ош жөнүндө ойлорум башка эле, Карачы өзгөргөнүн бат эле. Коркуп барсам ушунчалык негедир, Унутуп калдым коркконумду шарт эле. Биринчи келгенимди айтайынбы сиздерге, Эли дагы меймандос экен тим эле. Аябай сонун тозуп алып биринчи, Жайгаштырды жатакана бүт жерге. Ошто экениме ишене албай эч эле, Сулайман Тоо,парк ичтери кооз экен го өтө эле. Эли көп шаар жагып кетсе болобу? Бир ай эмес,бир күн да эмес бир саатта эле. Билим алып,билимден мен тажабадым, ОШМУнун көп жерлерин араладым. Көлдүк кыз деп сыйлап мени турушса да, ЫМУну мен көп жаштарга тааныта алдым. Мен кете албай убара болбоюн, Сагындым дечи а бирок, Ошто туруп Ысык-Көлдү бойлоймун. Ий,эки жакты кыя албай мен бечара, Эки ортодо жүрө берет окшоймун. Автору: Калысгүл Кусеинова. Ош,Кыргызстан.

Мен, Кусеинова Калысгүл Түргөнбековна. Кыргыз филология факультетининде окуйм. Бир семестрды,Ош Мамлекеттик университетинде окуп келдим. Чынын айтсам,мыкты окуганга тырышып,семинарларга,ар түрдүү иш-чараларга катышып ийгилик жараттым. Окуу менен гана чектелип калбастан,Ош, Жалал-Абад, Баткен(Айгүл гүлү) жана Өзбекстанга барып, кооз-кооз жерлерди көрүп келдим. Студенттер абдан көп. Кыргыз филология факультетинде 3 группа ар бир группада 20 дан 60 студент окудук. Сабакты профессорлор, мыкты агай-эжейлер берди. Китепканалар да абдан көп! Эгер барып окуйм деген болсоңуздар туура чечим чыгарып жатасыз.Бир эле университет менен чектелип калбай,тажрыйба алмашып,ал жерге барып ЫМУну тааныштырышыбыз керек. Мүмкүнчүлүк болуп жатканда,аны пайдалана билели. Ал жерден мен ойлонуп,түрдүү идеяларды алып келдим. Мисалга алганда, ЫМУнун ичиндеги жаңылыктар газета-журналдарга чыкса дейм.Бул да ишке ашат,буюрса. Чыгармачыл жаштарды чогултуп, “ЫМУ кайрыктары” чыгармачыл жаштар борборун түзүп, жаш акын-жазуучулардан топ түзгөнгө аракет кылам. Билем,бизде чыгармачыл жаштар абдан көп. Аларды чогултуп,жакшы иш-чараларды уюштурабыз…ОШМудан окуй албай калам деп коркпоңуз. Бөлөк жер, бөлөк университет, кайсыл жерде жатам, тамак-аш кандай болот деп да кыжаалат болбоңуз. Себеби,жатакана мабилдүүлүк боюнча баргандарды бекер кабыл алат. Төлөбөйсүз. ОШМУнун профилакториясы бар. Ал жерде сиз бекер 3 маал тамактанып,даарылана да аласыз. Сабактарым бүтпөй калат дебеңиздер,ОШМУда да биздей эле сабактар окутулат. Болгону бир,эки сабактарыңыз разница чыгып калышы мүмкүн. Онлайн бүтүрүп аласыз. Андан камсана болбоңуз. Дагы суроолоруңуздар болсо жазып коюңуздар жооп берип,жардамдашып турам. Ийгилик баарыңыздарга! ЫМУ сага чооң ыракмат. Окуганга сонун шарт түзүп берип жатканың үчүн. Сиздерди ОШМУ күтөт! Терең урматтоо менен: Калысгүл Кусеинова.