ЫМУда бүтүрүүчүлөр менен “Башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу темада тегерек стол уюштурулду.

11-июнда мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 1982-жылы башталгыч билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен “башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу темада тегерек стол уюштуруп, өткөрүштү. Тегерек столго аталган адистиктин студенттери да катышып, жагымдуу пикир алышуу, кызыктуу суроолорго жооп ала алышты. Пикирлешүүнүн жүрүшүндө кесипке багыт берүү маселелери камтылып, логопедия, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү адистигине абитуриенттерди тартуу боюнча профориентациялык иштер жүргүзүлдү. Бүтүрүүчүлөр менен байланыш бул жолугушуу менен токтоп калбай кийинки жылдары улана бере турганын баса белгилеген мектеп мугалимдери ЫМУнун, кафедранын ишине ийгиликтерди каалап, жылуу маанайда жүргүзүлгөн баарлашуу, тозуп алганды үчүн терең ыразычылыктарын билдирип кетишти