ЫМУнун ф.и.к., доцент Ийсаева А.Ж. Австриянын Вена университетинде 3 ай илимий изилдөө ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун англис тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Ийсаева А.Ж. үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап Австрия өлкөсүнүн Вена университетинде 3 ай илимий изилдөө ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул мүмкүнчүлүк Ernst Mach – Nachbetreuungsstipendium (EZA) программасынын алкагында түзүлгөн. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Вена университети менен кызматташуу келишими бар болгондуктан аталган университеттин илимпоздору конкурска катышуу менен бул программанын жеӊичүүсү боло алат. Анархан Жумакадыровнанын билдирүүсүндө программанын суроо талаптарына жооп берүүчү иштерди жайкы эс алуу учурунда аткарып жөнөткөнүн жана октябрь айында жеӊүүчү катары куттуктоо кат алганын айтат. Бул программа илимий изилдөө ишти жүргүзүү үчүн жакшы мүкүнчүлүктөрдү түзүп берүү менен бирге бардык сарпталуучу каражатты өз моюнуна алат. Илимий изилдөө ишинен сырткары Анархан Жумакадыровна Вена универститетинин Лингвистика факультетинин окутуучулары менен тыгыз иштеп, тажрыйба алмаша алды. Ал курстарга катышуу менен бирге университетте өткөрүлүп турган ар кандай иш чараларга катышуу менен ар улуттун маданияты, баалуулуктары менен тааныша алды. Жогорку маданияттын, тарыхый курулуштардын, искусствонун жана классикалык музыканын атасы деп эсептелинген Вена шаарында өткөрүлгөн менин 3 айлык убакытым мага илимий өсүшүмө гана мүмкүнчүлүк түзбөстөн, жан дүйнөмдү руханий жактан азыктандырып, байта алууга да шарт түздү дейт бул программанын катышуучусу А.Ийсаева.