ЫМУда бүтүрүүчүлөр кечеси болуп өттү.

2022-жылдын 21-июнунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун университет күнү жана бүтүрүүчүлөрдүн узатуу кечеси болуп өттү. Иш чарага КРнын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчысы Талант Сыдыков ж.б.жаш ырчылар конок катары чакырылып, көңүлдүү маанай тартуулашты. Жыл жыйынтыгы менен алдыңкы окутуучулар, кызматкерлер Ардак грамота, Ыраазычылык баракча жана 5 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алдыңкы бүтүрүүчүлөргө Ардак грамота, ата-энелерине Ыраазычылык каттар ыйгарылды.