30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси болуп өттү.

2022-жылдын 24-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине математика факультетин 30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси болуп өттү. Бүтүрүүчүлөрүбүздү ЫМУнун ректору А.Иманбаев, факультеттердин декандары, математика адистигинин жамааты тосуп алышты. Меймандарга арнап студенттерибиз чакан концерттик программасын тартуулашты. Андан соң окуу жайыбыздын аудиторияларына, музейге саякат жасашып, 30 жыл мурунку өздөрү окуган кабинеттерге отуруп, өткөн-кеткен студенттик мезгилдерин эстешти.