ЫМУнун тарых адистигинин 2-курсунун студенттери музейдик практикага барып келишти.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых адистигинин 2-курсунун студенттери музейдик практикага барып келишти. Практика Ысык-Көлдүн түндүк жээги менен Чолпон – Атадагы мамалекеттик тарых музейинен баштап, Ч.Айтматов атындагы Рух-Ордо маданий борборунда, андан соң ачык асман алдындагы петроглифтер музейинде болушту. Токмоктогу Бурана, Ат-Башыдагы Кошой-Коргон, Таш-Рабат кербен сарайында болуу менен кызыктуу тарыхый эстеликтерди өз көздөрү менен көрүштү. Андан соң Ысык-Көлдүн түштүк жээги менен Манжылы-Атада, Оргочордогу тарых музейинде болуу менен Караколго кайтып келишти. Практика учурунда студенттер теориялык алган билимдерин музейлерди көрүү бышыкташты деп айтсак болот. Практика жетекчилери: т.и.к. доц.Муканбетова Р.Б., ага окутуучу Ибраев Ч.Т.