ЫМУда “Салттуу билимдер жана азыркы заман: кол өнөрчүлөрдүн Кыргызстандын креативдүү экономикасындагы ролу” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

“Каракол шаары Көз карандысыз Мамлекеттеринин Шериктештигинин маданий борбору” иш-чарасынын ачылышына жана Каракол шаарынын күнүнүн урматына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 2-июлунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетте “Салттуу билимдер жана азыркы заман: кол өнөрчүлөрдүн Кыргызстандын креативдүү экономикасындагы ролу” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович конференцияны ачып, Кыргызпатенттин инновациялык жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мустапакулова Айсулуу Пайгамбаркуловна, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекова катышуучуларга саламдашуу сөздорүндө илимий-практикалык конференциянын ийгиликтүү өтүшүн каалап кетишти. Пленардык сессияда төмөнкү баяндамачылар презентацияларын кызыктуу тартуулашты:К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын башчысы Орозобаев Алайбек Керимович, “Көркөм билим берүүнүн мектептеги ролу”;Кыргызпатенттин инновациялык жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мустапакулова Айсулуу Пайгамбаркуловна, “Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү”;Кыргызпатенттин товардык белгилерди экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Сарыпов Урмат, “Товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү каттоо”;Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастары тууралуу даректүү тасманын автору, казахстандык кинорежиссер Рясков Иван Иванович, “Шырдак” жөнүнүндө баян;Кыргызпатенттин автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башкы адиси Ибрагимов Бактияр, “Кол өнөрчүлүк жана автордук укук”;Кол өнөрчү, дизайнер Нурзат Жээнбек, “Дүйнөлүк платформада кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоорунун бетачары”. Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк тууралуу видеочыгырык менен аяктады.Мустапакулова Айсулуу Пайгамбаркуловна креативдүү тармактар ​​инновациялык өнүгүүнүн кыймылдаткычы экенин белгилеп, чыгармачыл адамдар уникалдуу ачылыштарды жасоо менен экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошо аларына ишеним билдирди. Конференциянын жүрүшүндө баяндамачылар чыгармачылык ишмердүүлүк, брендинг, товардык белгилерди каттоо жана автордук укуктар боюнча баяндамаларды жасашты. Катышуучулар чыгармачылык чөйрөнү өнүктүрүү зарылдыгын активдүү талкуулашты.