2022-жылдын 6-июлунда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин орто жана жогорку окуу жайларынын кызматташуу багыттары жана формалары” атту темадагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, КР Улуттук илимдер академиясынын А.А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук дана социалдык-саясий изилдөөлөр институту, КР Улуттук илимдер академиясынын Ж.Жеенбаев атындагы Физика институту, Ысык-Көл облустук администрациясынын билим беруу бөлүмү жана Каракол шаарынын мектептердин өкүлдөрү катышты. Мектептер менен илимий изилдөө багытындагы кызматташууга арналган конференция кызуу талкуулор менен өттү. КМУнун илимий иштер боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты Каниметов Эмил Жангорозович конференциянын модератору катары куттуктоо сөзүндө жалпы катышуучуларга иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалап, орто жана жогорку окуу жайларынын кызматташуу багыттарын белгилей кетти. Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, философия илимдеринин доктору Үтүров Кытайбек Үтүрович, лингвист, АУЦАнын мугалими Красников Андрей Алексеевич, журналист, философ Жамбы Жусубалиева, КМУнун докторанты, “TV Эхо Манас” компаниясынын президенти Токтогазиев Темирбек, Ысык-Көл облустук администрациясынын билим беруу бөлүмүнүн директору Курманалиев Максат Ишенбиевич, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович жана Каракол шаарынын мектептеринин директорлору орто жана жогорку окуу жайларынын кызматташуусу тууралуу жакшы демилгелерди көтөрүштү. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, андан ары ал демилгелер Кыргыз Республикасынын билим тармагында өз ордун табаарына терең ишенебиз.