ЫМУда “БИЗНЕС-ИНКУБАТОР” ачылды.

Кыргыз Республикасынын 31 ЖОЖунда “БИЗНЕС-ИНКУБАТОРЛОР” АЧЫЛДЫ. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте ачып: “Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат” деди. Ачылуу аземи онлайн тартипте КР Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев жана ЖОЖдордун катышуусунда, ал эми Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн ачылуу аземине Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев, Ысык-Көл облусунун профсоюздар уюмунун төрагасы Кенжебек Алымбаев жана ЫМУнун жамааты жана студенттеринин катышуусунда өттү.