ЫМУнун жалпы жамааты жана студенттери Баткен элине акчалай жардам көрсөттү.

Азыркы учурда Баткен жергесинде болуп жаткан коогалуу абалга Кыргызстандын бүткүл элинин катарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар жамааты да кайдыгер карап отура алган жок. Баткендик боордошторубуздун ушул таптагы абалы бардыгыбызды тынчсыздандырып жатат. Баткен эли гана эмес, жалпы элибиз үчүн чоң сыноо болгон мындай учурда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымак, өз ара жардамдашуу аба-суудай керектигин жакшы түшүнүү менен, ЫМУнун жалпы жамааты окуу жайдын атынан 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражатын которуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле ЫМУнун студенттери тарабынан демилге көтөрүлүп Баткен коогалаңында жабыр тарткан жарандарыбызга кайрымдуулук иш чарасын өткөрүштү. Атайын комиссия түзүлүп, 3 сааттын ичинде 25603 сом акча каражаты банк аркылуу атайын эсебине которушту. Мындан сырткары дары-дармектерди да чогултушуп, Каракол шаардык мэриясына өткөрүп беришти.
Мындан тышкары, баткендик бир туугандарыбызга жеке өздөрүнүн атынан жардам бергендердин да саны арбып жатат. “Көп түкүрсө, көл болот” демекчи, боордошторубуздун башына түшкөн мүшкүл окуянын кесепеттерин жоюу үчүн дагы кандай жардам талап кылынса, колдон келгендин бардыгын аткарууга даяр экенибизди билдиребиз.
Ар дайым элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болсун!