ЫМУнун жатаканасында жашаган студенттер менен атайын жолугушуу болуп өттү.

Бүгүн К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жатаканасында жашаган студенттер менен атайын жолугушуу болуп өттү. Анда быйылкы окуу жылына карата жатаканадагы жылуулук системасы, электр энергиясы, душ, кир жуучу бөлмө, кухнядагы жуунучу раковина, окуу залы тууралуу маселелер көтөрүлдү. Быйылкы окуу жылына жаңы 200 матрац, 200 шейшеп, жаздык, одеал, муздаткыч, кир жуучу машинкалар алынган. Жакын арада дагы жатакананы жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле ар кандай маданий иш чаралар жанданмакчы