“Улут биримдиги -улуу байлык”.

2022-жылдын 27-сентябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Физика-математикалык жана табигый техникалык” факультетинин, “Математика жана информатика, окутуунун технологиялары” кафедрасынын окутуучулары тарабынан, студенттер арасында Баткен коогалаңына карата уюштурулган “Улут биримдиги -улуу байлык” деген темада кураторлук-тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ата Мекенди сүйүү, патриоттуулук, эл журттун ажырагыс биримдиги жөнүндө ырлар, докладдар, кахут тиркемесинде суроо-жооптор, макал-лакаптарды толуктоо жана ар бир команда берилген тапшырмаларды аткаруу менен аны презентациялоо сыяктуу ар түрдүү формада иштер жүргүзүлдү. Тарбиялык саат жогорку деңгээлде өтуп студенттер үчүн пайдалуу болду жана өз максатына жетти.