ЫМУнун “Экономика, туризм жана тарых” факультетинде атайын студенттер арасында окуу-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

ЫМУнун “Экономика, туризм жана тарых” факультетинде атайын студенттер арасында окуу-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы Баткен аймагындагы трагедиялуу окуяларга жана жаштарды патриоттулукка тарбиялоого арналды. Бул маселеге кенири түрдө тарых жана мамлекеттик, муниципиалдуу башкаруу кафедрасынын доценти Керимкулов Ж.К. токтолду. Ал өз сөзүндө , чек арадагы куралдуу кагылуушунун себептерине токтолду. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө жаштарды патриоттулукка тарбиялоонун зарылчылыгын айтып өттү. Ошондой эле студенттер арасында Баткен окуясына байланыштуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Катышуучулар абдан кызыгуу менен кабыл алышты. Факультеттин деканы э.и.к., доц. Эркинбаев М. жана окутуучулар жамааты кызыктуу ой-толгоолорун айтып ыраазычылыктарын билдиришти.