ЫМУда өзгө тилдүү студенттер арасында Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата кароо-сынак болуп өттү.

“23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө” жана КР Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата
“Кыргыз тили экинчи тил мен учүн,
Кыргыз тилге кызмат кылам эл үчүн!”
деп аталган факультеттер аралык өзгө тилдүү студенттердин арасында Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата кароо-сынак 2022-жылдын 29-сентябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун китепканасынын окуу залында өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын өкүлдөрү катышып, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кеттишти.
Иш чаранын негизги максаты — КР Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесин жетекчиликке алып, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү, өзгө тилдүү жаштардын мамлекеттик тилге болгон көз карашын оң жагына калыптандыруу.
Иш-чаранын соңунда сынактын жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара келечек муунду эне тили үчүн жан берүүгө үндөгөн, патриоттук сезимдерин козгоп, ойгото турган мыкты деңгээлде уюштурулган мыкты адабий-кече десек жаңлышпайбыз.
Кечени Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башкы адиси К.С. Бордобоев даярдап, ЫМУнун жана ЫМУнун Колледжинин студенттери активдүү катышышты.