ЫМУнун студенттери үчүн Австриядагы мекендешибиз менен онлайн жолугушуу болуп өттү.

2022-жылдын 4-октябрында #DigiKonush санариптик көндүмдөр борборунда ЫМУнун студенттери үчүн Австриядагы мекендешибиз, Вена техникалык университетинин илимий кызматкери Мээржан Канатбекова менен жолугушуу болуп өттү. Онлайн жолугушууда Мээржан программалоо тармагындагы долбоорлор, суперкомпьютер “Маркони” тууралуу айтып берди.

Мээржан жөнүндө кыскача маалымат:

БИЛИМИ* Инженериядагы математикалык моделдөө чөйрөсүндө магистратура (Вена техникалык университети, Австрия, 2020-2022)* Математика чөйрөсүндө бакалавриат (Памуккале университети, Түркия, 2014-2018)* Алмашуу программасында студент (ЛАкуила университети, Италия, 2020-2021)(Силез технологиялык университети, Польша, 2015-2016)(Хажеттепе университети, Түркия, 2017-2018)

КӨНДҮМДӨРҮ* Программалоо тилдери: Python, MATLAB, C++/C; HPC: MPI, OpenMP* Англис, түрк, немис тилдеринде сүйлөйт

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫМаалымат аналитиги:* KICB Кыргызстан, 2018-2020* ShenMo Education, Нидерланддар, 2021Учурда илимий кызматкер:*Вена техникалык университети, Австрия