ЫМУнун студенттери үчүн нимациялык видеороликтерди жаратуу тууралуу практикалык мастер-класс өтүлдү.

2022-жылдын 5-октябрында UDEV (ЮДЭВ) коомдук фондусунун негиздөөчүлөрү #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери үчүн анимациялык видеороликтерди жаратуу тууралуу практикалык мастер-класс өтүштү. Алгач коомдук фондусунун уюштуруучулары Муратова Дильбара жана Замирова Алтынай фонддун максаттары тууралуу айтып берди. ЮДЭВ коомдук фонду студенттер үчүн пайдалуу болгон темаларда жумасына 1 жолу маcтер-класстарды, талкууларды жана кызыктуу иш чараларды өтүп туруу боюнча программасын сунушташты. Фонд тууралуу маалыматты жана кызыккан суроолорго жооптуу @udev_kg инстаграм баракчасынан ала аласыздар.