“Эне тилди сүйгөнүң-улут үчүн күйгөнүң”.

2022-жылдын 12-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Ж.Түмөнбаева, С.Оторбаева жана филология факультетинин студенттери тарабынан даярдалган Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата “Эне тилди сүйгөнүң-улут үчүн күйгөнүң” аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү. Иш-чарага ф.и.д., проф. м.а. А.Т.Дунканаев, ф.и.к., доц. Ү.К.Кадыркулова, ф.и.к., доц. А.А.Анапияева, Каракол шаардык Мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Т.Токтомов жана окуу жайдын мам. тил боюнча проректору Б.И.Атыгаев катышышты. Иш-чарада мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелери кызуу талкууланып, акырында натыйжалуу тыянак чыгарылды. Акырында активдүү катышкан студенттерге окуу жайдын “Ыраазычылык баракчасы” менен сыйланышты.