“Энелердин жүрөгү ыйлабасын”.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жатаканасында жашаган студенттерибизге Педагогика факультетинин П-41тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин арбагына таазим иретинде “Энелердин жүрөгү ыйлабасын” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Баткен коогалаңында каза болгон жоокерлердин эрдиктери даңазаланып, патриоттук сезимди ойготкон ырлар, сахналаштырылган чакан сценкалар коюлуп, көркөм окуулар көрармандардын жан дүйнөсүн ойготуп, көзгө жаш алдырды. Иш чараны педагогика факультетинин кураторлору биргелешип даярдашкан. “Албетте, мындай иш-чара ушуну менен эле токтоп калбайт, кийинки жума дене тарбия адистигинин кураторлору ушул сыяктуу иш-чараны өткөрүшөт,-деди факультеттин деканы А.Анапияева.