«Жаштар жана Кыргызстандын жашыл келечеги».

К. Тыныстанов атындагы ЫМУда жарыяланган илим айлыгынын алкагында, ФМжТТфакультетинин окутуучулары Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен бирдикте 2022-жылдын 13-октябрында «Жаштар жана Кыргызстандын жашыл келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга факультеттин 2-курстун магистранты гр. МБ-2 Кочорова Нураим, Б-41 группасынын студенти Баннова Карина, Био-31группасынын студенттери Дамирова Элида, Болотбекова Алина жана Абдувалиева Аяна, М-21 группасынын студенти Тилек кызы Жыпара жана лицейдин окуучулары баяндамалар жана презентациялар менен катышышты. Конференциядан кийин окуучулар жана студенттер үй шартында утилизациялоого мүмкүн болгон катуу тиричилик таштандыларынан кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн көрсөтүшүп, көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: 1-орун М-21,МИ-11гр. студенттери жана 8-а класстын окуучулары 2 орун – Био-21гр. студенттери жана 8-г класстын окуучулары 3 орун – 8-б жана7-б класстын окуучулары. Бардык жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты. Жыйынтыгында Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен университеттин илим жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.