“Менин университетим”

2022-жылдын 21-октябрында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун кызматкерлери жана студенттери окуу жайыбыздын алдына орнотулуучу “Менин университетим” инсталляциясынын фундаментин ашар жолу менен куюп алдык. Буюрса 17-ноябрь студенттердин күнүнө карата бул идея ишке ашып, студенттерди жана жалпы эле окуу жайыбыздын жамааты үчүн кубанычтуу маанай тартууламакчы. Бул идеяны окуу жайыбыздын ректору А.А.Иманбаев өзү демилгелеген эле, эми минтип буюрса бүтөөр алдында турат.